Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Йеменде “Чек арасыз дарыгерлердин” ооруканасы бомбаланды


Эл аралык “Чек арасыз дарыгерлер” уюму Йемендин Саапа провинциясында алардын адистери иштеп жаткан оорукана соккуга кабылганын билдирди. Жабыркагандар же курмандыктар тууралуу айтыла элек. Маалыматка караганда, 26-октябрда бейтапкананын административдик имаратына бомба түшкөн. Он мүнөттө бардык оорулуулар жана кызматкерлер коопсуз жайга чыгып кеткенге жетишкен. Уюм имарат дээрлик талкаланганын белгилейт.

Йемендеги хусит жикчилдерине каршы абадан сокку уруп жаткан Сауд Арабия баштаган коалиция ооруканага түшкөн бомбага тиешеси жоктугун айтты.

“Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун адистери иштеп жаткан жерлерге бир айда экинчи ирет сокку урулду. 3-октябрда америкалык учкучтар Ооганстандын Кундуз шаарындагы ооруканага жаңылыш бомба ыргытып, 23 адам набыт болгон эле.

Йемендеги туруксуздук быйыл март айында башталды. Андан бери 5600 киши жашоо менен кош айтышты. Арасында 2600ү жайкын тургундар. (SE)

XS
SM
MD
LG