Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Жон Керри ушул жумада Борбор Азияга келет


Жон Керри.
Жон Керри.

АКШ мамлекеттик катчысы Борбор Азиядагы беш мамлекетке биринчи жолу иш сапар менен келет. Америкалык аткаминердин сапары 30-октябрда башталат.

Алгач Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы имаратынын ачылышына катышат. Бийлик өкүлдөрү менен жолугушуусу тууралуу азырынча маалымдала элек.

Андан соң Өзбекстандын Самарканд шаарына барып, чөлкөмдөгү беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен кеңешме өткөрөт. Бул жыйын Вашингтондун аймак менен алакасын чыңдоодогу жаңыча форматы экени айтылууда.

Астана шаарында болсо “АКШ жана Казакстан. Стратегиялык кызматташуу” деп аталган жыйында эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Андан ары Түркмөнстанга жана Тажикстанга барып, 3-ноябрда иш сапарын жыйынтыктайт. (SE)

XS
SM
MD
LG