Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Абакта курман болгон кызматкердин жакындары Ак үй алдына чыгышат


Бул туурасында “Азаттыкка” маркум Фархад Орозбек уулунун агасы Максат Өмүрөв билдирди. Алар бүгүн Ак үйдүн алдына акыйкаттыкты талап кылып чыгышат.

Абакта курман болгон кызматкерлердин туугандары качкындар күнөөсүн абак кызматкерлерине оодаруу аракети жасалууда, деп кооптонууда. Абакта курман болгондордун жакындары кызмат учурунда мерт болгон кызматкерлерге “баатыр” наамын жана үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берилишин талап кылышат.

27-октябрда өкмөт башчы Темир Сариев №50 түрмөдөн кылмышкерлердин качуу жагдайы боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканын билдирип, анын жыйынтыгы менен өлтүрүлгөн түрмө кызматкерлеринин иш-аракетине баа берилген соң, сыйлык, жардам маселеси чечилерин билдирген.

11-октябрдын түнү №50 абактан 9 кылмышкер качып чыгып, алардын колунан 4 түрмө кызматкери курман болгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG