Тажикстан баш калаасы Дүйшөмбү шаарында 30-октябрда КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын саммити башталат. Ага катышуу үчүн кыргыз премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев бүгүн жөнөп кетет.
Башбакандардын кезектеги жыйынында экономикалык кызматташтык, коопсуздук сыяктуу 30га жакын маселе караларын “Азаттыкка” өкмөттөн кабарлашты.
КМШ премьерлеринин саммити жыл сайын мүчө өлкөлөрдө уюштурулат. (SE)