Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Бишкекте тургундар менен энергетиктер ортосунда жаңжал чыкты


Бишкектеги Ала-Тоо-3 конушунун тургундары менен көмөк чордондорду оңдоо ишканасынын кызматкерлеринин ортосунда чатак чыкты. Окуяга күбө болгон кабарчыбыздын айтуусунда, жаңжал 29-октябрда аталган конушту электр жарыгы менен камсыз кылуучу Ак-Ордо көмөк чордонунда оңдоо иштери жүрүп жаткан кезде болду.

Кечки саат сегиздер чамасында жергиликтүү тургундар чогулуп, кызматкерлер көмөк чордондун тетиктерин алып кетип жатканына нааразы болушкан. Алар тетиктерди башка конуштарга алып кетип жатышат деп укканын, буга жол беришпестигин белгилешкен. Тургундар көмөк чордон жүктөлгөн унааны аймактан чыгарбай, кармап турушту. Алар буга чейин да айрым жабдуулар алып кетилгенин айтышты. Милициянын маалымдашынча, көмөк чордон жанында 200дөн ашык тургун чогулган.

Эки саатка созулган жаңжалдан соң өзүн Улуттук электр тармагы ачык акционердик коомунун өкүлүмүн деп тааныштырган Жолдошбек Ачыкеев эл менен бир сааттай сүйлөштү. Саат түнкү экилер чамасында эки унаа менен тетиктерди кайра алып келишти.

Ала-Тоо-3 конушунда 2000дей түтүн бар. Алар эки күндөн бери жарыксыз отурушат. (TSh)

XS
SM
MD
LG