Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Данияр Нарымбаевдин соту 4-ноябрда уланат


30-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Хажимурат Коркмазов менен Назгүл Түлееванын 7-майга чейин тааныш болбогону аныкталды.

Буга чейин Данияр Нарымбаевдин адвокаттары Хажимурат Коркмазов менен Назгүл Түлееванын 7-майга чейин эле тааныш болгон-болбогонун далилдөөчү материалдарды сотко алып келүүнү өтүнүшкөн. Алар бул эки адам мурда эле тааныш болуп, Нарымбаевге карата кутум уюштурган деп шектенип жатышкан.

Сот өтүнүчтү канааттандырып, бул эки адамдын сүйлөшкөн-сүйлөшпөгөнүн далилдөө үчүн Кыргызтелеком жана Альфателекомго суроо-талап жөнөткөн.

Бүгүн сот жараянында жарыш сөздү улантууга Нарымбаевдин адвокаттары жана мамлекеттик айыптоочу даяр эмес экендиктерин билдирип, убакыт сурашты. Кийинки соттук отурум 4-ноябрга белгиленди.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана мурдагы депутат Хажимурат Коркмазов абактагы Нариман Түлеевдин мүлкүн камактан чыгаруу үчүн анын кызы Назгүл Түлеевадан пара алуу фактысы боюнча быйыл июль айында камакка алынган. (AzK/KE)

XS
SM
MD
LG