Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Жалал-Абад: облуста окуучуларга түшүндүрүү иштери башталды


Жаштарга диний экстремизм жана тыюу салынган диний агымдар тууралуу маалымат берүү жана түшүндүрүү иш чаралары Жалал-Абад облусунда башталды. Бул тууралуу облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Бул багытта кечээ, 29-октябрда Сузак районунун Ырыс айылындагы мектептердин жогорку классынын окуучулары менен жолугушуу өткөрүлдү. Түшүндүрүү жана алдын алуу иштерине милиция менен биргеликте жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аялдар жана аксакалдар кенеши, дин аалымдары тартылган.

Окуучуларда Сирия азгырыктары тууралуу маалыматтар берилип, талкуулар жүргүзүлүүдө. Мындай иш-чаралар башка мектептерде да улантылууда.

Облус аймагында 370ке чукул мектепте 200 миңден ашык окуучу билим алат. (RsK)

XS
SM
MD
LG