Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Египетте орус учагы кыйрады


Египеттин бийлиги ал жакта авиакырсыкка кабылган орусиялык учак толугу бойдон талкаланганын айтууда. Ичиндегилердин көбү эс алуудан кийин үйүнө кайтып бараткан орус жарандары деген маалымат бар.

Бүгүн Египеттин Синай жарым аралында Орусиянын жүргүнчү ташуучу Airbus 321 учагы кырсыкка кабылды. «Когалымавиа» компаниясына таандык лайнер 217 жүргүнчүсү жана 7 экипаж мүчөсү менен Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербургга учуп бараткан. Жүргүнчүлөрдүн 17си балдар.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, аскердик авиация окуя болгон жерди курчоого алды, ал жакта учактын сыныктары табылды.

Ага чейин "Росавиация" мекемеси Ларнаки аймагынан бир учак радардан көрүнбөй жатканын билдирген болчу.

Соңку маалымат боюнча, канча адам набыт болгону так белгисиз, себеби кырсык болгон жерде куткаруучулар онтогон үндөрдү угуп жатканы, демек, тирүү калгандар да бар экени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG