Бүгүн Украинанын Донбасс качкындарынан тышкары жарандарынын Орусияда жеңилдетилген миграциялык шартта жүрүү мөөнөтү аяктады.
30-ноябрга чейин алар өзүнүн Орусиядагы укуктук статусун так аныктап алууга милдеттүү.
Федерациялык миграция кызматынын билдиргенине караганда, буга чейинки режим учурунда украин жарандары орус жергесинде жумушка орношуу патенти, убактылуу жашап турууга уруксаты жана башка документтери жок эле үч ай сайын мөөнөтүн узартып алып жүрө берчү. (RK)