Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:47

3-ноябрда айрым жерлерде кар жаайт


3-ноябрда айрым жерлерде кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көлдө 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз +3...+8,

Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз 2...7,

Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7,

Нарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14...-19, күндүз -5...-10.

3-ноябрда Бишкек шаарында ала-булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…- 6 градус суук, күндүзү 4…6 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG