Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Жалал-Абад облусунда эне-баланын өлүмү арбын


Өзгөндөгү төрөт үйү
Өзгөндөгү төрөт үйү

Саламаттыкты сактоо министрлигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, быйыл тогуз айда өлкө боюнча 2275 ымыркай чарчап калган. Бул өткөн жылга салыштырганда 9 % аз.

Былтыр бир жылда 66 эне төрөт маалында жана андан кийин каза болсо, быйыл тогуз айда 48 зайып жарык дүйнө менен кош айтышкан. Министрлик энелердин өлүмү өткөн жылга салыштырганда 29% кыскарганын билдирүүдө.

Наристелердин жана эне өлүмү Жалал-Абад облусунда арбын. Чарчап калган ымыркайлардын 412си, эне өлүмүнүн 14ү ушул аймакка туура келет.

Каза болгон келиндердин жакындары мындай абалга дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болорун айтышат. Кыргызстанда энелердин өлүмү - курч маселелердин бири. Буга эл аралык саламаттык сактоо мекемелери да тынчсыздануусун билдирип келатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG