Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Кара-Суу районундагы көмүр кенинде мектеп окуучулары каза тапты


Баткен облусундагы көмүр шахталарынын бири
Баткен облусундагы көмүр шахталарынын бири

5-ноябрда түшкө маал Оштун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагындагы “Кайнар” көмүр кенинде үч адам каза тапты, алардын экөө мектеп окуучулары. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Алар кендин оозунда көмүр казып жатышканда үстүндөгү топурак көчүп түшүп, басып калган. Каза тапкандардын баары Папан айыл аймагындагы Кожокелен айылынын тургундары болушкан.

Каза болгондор:

Абдижалил уулу Шерибек, 1993-жылы тулган,

Таалай уулу Сыймык, 2002-жылы туулган,

Муратбек уулу Мухидин, 2000-жылы туулган.

Таалай уулу Сыймык 6-класстын, Муратбек уулу Мухидин 8-класстын окуучулары болушкан. Алар Султан Ибраимов атындагы орто мектепте окушчу.

Каза болгон балдардын сөөктөрүн жергиликтүү тургундар урандынын астынан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Маалыматтарда аталган кен Ы.Исмаилов аттуу адамга таандык.

XS
SM
MD
LG