Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:18

Жалал-Абад: Эгембердиева кызматтан кетери тууралуу сөздү четке какты


Жалал-Абад
Жалал-Абад

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева өзүн жакында кызматтан кетет деген маалыматты четке какты.

"Кээ бир массалык маалымат каражаттарында мени жакында кызматтан алынып, ордума мурунку биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев келет деген маалыматтар айтылууда. Мамлекеттик кызмат эч кимге байлап берилген эмес. Мен баарына даярмын, бирок өкмөт тараптан мага кызматтан кетүү тууралуу айтылган жок", - деди Эгембердиева.

Маалым болгондой айрым массалык маалымат каражаттарында мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев келерки жумада Жалал-Абадга облус башчы болуп келет деген маалыматтар айтылган.

Жумагүл Эгембердиева 2014-жылдын сентябрь айында өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. (RsK)

XS
SM
MD
LG