Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Египет: орусиялык учак абада жарылган


Кырсыкка кабылган орусиялык учактын сыныктары
Кырсыкка кабылган орусиялык учактын сыныктары

Синай жарым аралында Орусиялык учактын кыйрашы боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан топтун башчысы Айман ал-Мукаддам бул тууралуу 7-ноябрда журналисттерге билдирди. Анын маалыматы боюнча, кыйроо автопилот режиминдеги учуу мезгилинин 23-мүнөтүндө болгон. “Үн жазуучу кара жащиктердеги маалыматтарда акыркы секундаларда жарылууга окшогон катуу үндү угууга болот. Учактын сыныктары 13 чакырым жерге чейин чачылган, бул лайнердин абада жарылганынын далили” деди Айман Мукаддам.

Associated Press агенттиги өзүнүн булактарына таянып жазганы боюнча, учурда Шарм эш-Шейх аэропортунда Орусиялык "Когалымавиа" компаниясына таандык учакты тейлеген кызматкерлер суракка алынууда. Ал эми Reuters агенттиги 7К9268 каттамындагы учакка байланыштуу видеокөзөмөлдөрдөгү аэропорт кызматкерлеринин жана полициячылардын учуу алдындагы аракеттери да иликтенип жатканын жазды.

Мурдараак британиялык жана франциялык эксперттер учактын жарылышына техникалык мүчүлүштүктөр эмес, тышкы фактор, атайын күн мурунтан коюлган жардыргыч зат себеп болуусу ыктымалдыгын билдиришкен. Бирок Египеттин бийлиги буга макул эместигин айткан. Тышкы иштер министри Самех Шукри 7-ноябрда журналисттерге учактын кыйроо себептери боюнча расмий Каирдин бүтүмү жок экенин айтты.

Радикал-террордук “ИМ” тобу Орусиялык учакты өч алуу максатында жардырганын кыйроодон кийинки күнү жарыялаган эле.

XS
SM
MD
LG