Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

500 жаңы аскер чек араны кайтарууга киришти


Кыргыз жоокерлери
Кыргыз жоокерлери

Кыргызстанда Чек ара кызматына жаңы чакырылган 500 аскер ант берди. Аталган мекемеден бүгүн кабарлашкандай, соңку эки ай бою алар Ысык-Көл, Айдаркен жана Ош чек ара отряддарында машыгып, күжүрмөн даярдыктан өтүп келди.

Айдаркен, Каракол жана Ош шаарларында өткөн жаңы жоокерлердин ант берүү салтанатына аскердик жетекчилик, жакындары, ардагерлер катышты.​ Аскерлер чек ара тозотторуна бөлүштүрүлүп, кызматын өтөй баштады.

Кыргызстан Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай менен чектешет. (RK)

XS
SM
MD
LG