Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Казак протестанты "диний кастыкты козутуу" үчүн айыпталды


"Жетинчи күн адвентисттери" чиркөөсүнүн мүчөсү Ыкылас Кабдуакасов сот залында. Астана, 9-ноябрь, 2015.
"Жетинчи күн адвентисттери" чиркөөсүнүн мүчөсү Ыкылас Кабдуакасов сот залында. Астана, 9-ноябрь, 2015.

Астана соту бүгүн "Жетинчи күн адвентисттери" чиркөөсүнүн мүчөсү Ыкылас Кабдуакасовду жети жылга эркиндигин чектөөгө өкүм кылды. Башкача айтканда "диний кастыкты козутканы" үчүн айыпталган бул жаран жети жыл үй камагында болот. Ошондой эле ал сот чыгымдары үчүн 150 миң теңге (500 долардай) төлөөгө милдеттендирилди.

Тергөө материалдарына караганда, Кабдуакасов Астанада ижарага алган батириндеги дарстарында "диний кастыкты" козутууга жол берген сөздөрдү айткан. Соңку эки жыл аралыгындагы бул дарстарга баш калаадагы университеттердин студенттери катышып турган. Күбөлөр ал окууларда Кабдуакасов мусулмандарга жана Мухаммед пайгамбарга акарат келтиргенин билдирген. Ыкылас Кабдуакасов быйыл август айында камакка алынган.

Сотто Кабдуакасов өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, жолугушууга анын турмуштук жолуна кызыккан студенттер өздөрү чакырганын айтты.

XS
SM
MD
LG