Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Нарында жети жыл чатырда окуган балдар жаңы мектепке кирди


Нарында Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы 275 орундуу орто мектеп толугу менен бүтүп, бүгүн пайдаланууга берилди. Анын ачылышына билим берүү министри Элвира Сариева, Жогорку Кеңеш депутаты Чыныбай Турсунбеков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Мектептин имараты 2007-жылы жер титирөөдөн жабыркап, ошол эле жылы 47 миллион сомго оңдолгон. Бирок жыл айланбай ал да жараксыз болуп, соңку 7 жылдан бери балдар кышкысын айылдагы кароосуз калган үйлөрдө, жайкысын чатырларда билим алып келген.

Быйыл өкмөттөн кайра жаңы мектеп курууга 72 миллион сом бөлүнүп, 4 ай мурда курулуш иштери башталган. (MiK)

XS
SM
MD
LG