Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Ошто адам аткезчилигине шектелген жаран кармалды


Бул тууралуу ИИМдин Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгы кабарлады. 7-ноябрь күнү калаанын 40 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, анын жездесин белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, барымтага алып, 2 миң доллар сурап жатканын билдирген. Кылмышкерлер кошумча Honda Fit унаасын да алууну көздөгөн.

Иликтөөлөрдүн натыйжасында бул кылмышка шектелип Ош шаарында жашаган Сузак районунун 23 жаштагы тургуну колго түштү. Ал акчага муктаж болуп калганы үчүн ушундай ишке барганын айтууда.

Кармалган жаран милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Кылмыш иш козголуп, иликтөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG