Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Нарында ИИМдин аял кызматкерлери окуучу кыздар менен жолукту


Ички иштер министрлигинин аял кызматкерлери бүгүн Нарында окуучу кыздар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чараны “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду “Устат-3” долбоорунун алкагында уюштурду. Ага жергиликтүү ички иштер башкармалыгында иштеген аялдар жана эксперттер да катышты.

Жолугушуу милициядагы гендердик өкүлчүлүктү жакшыртуу, насаат негизинде орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесипке багыт берүү жана милицияга болгон ишенимди бекемдөө максатында уюштурулду. Ага Нарын шаарынын 8 мектебинен 5тен кыз келди. Атайын комиссиянын тандоосунан кийин 18 окуучу кыз Нарын шаардык ишки иштер бөлүмүндө шакирт болуу мүмкүнчүлүгүн алды.

Нарын облусунда милицияда 71 аял эмгектенет. Бул жалпы жамааттын 35%. (MiK)

XS
SM
MD
LG