Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

Милиция жарандык коом менен кызматташуу эрежесин иштеп чыгууда


Кыргызстандын милиция тармагын реформалоо багытында өткөн жылдын октябрь айынан бери 202 жерде аймактык пункттар ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин башкы штабынын ички иштер органдарынын тутумун реформалоо башкармалыгынын жетекчи орунбасары Азиз Дөлөсбаев билдирди. Анын айтуусунда, ушул тапта жарандык коом менен бирге иштешүү жаатында атайын эреже даярдалып жатат:

- Жарандык коом өкүлдөрү менен июль айында форумга чогулуп, бирге иштешүү жаатында жобо жазылган. Азыр аны кандай ишке ашыруу маселесинде эрежелерди киргизип жатабыз. Активисттер менен иштешүү милициянын ишин жандантат.

Ал арада “Реформа жана натыйжа үчүн” жарандык биримдиги күч тармактарын реформалоону жандандыруу талабы менен коомчулук арасында кол топтоп, Жогорку Кеңешке берүүгө камынууда. Алар жүргүзгөн сурамжылоодо калктын 80% ашыгы тартип коргоо органдарындагы жаңыланууну күтүп жатканын айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG