Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Дем алыш күндөрү JashtarCamp өнөктүгү өтөт


Бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын жыл сайын өткөрүп жаткан JashtarCamp өнөктүгү быйыл 14-15-ноябрь күндөрү болот.

Уюштуруучулардын айтуусунда, мурунку жылдагылардан өзгөчөлөнүп, быйылкы иш-чарага дээрлик бардык аймактардан миңдеген жаштар катышары күтүлүүдө. Ишемби күнү ал Бишкекте, Жалал-Абадда, Баткенде жана Балыкчыда, жекшембиде Ошто, Таласта, Нарында жана Караколдо өтөт.

JashtarCamp жыйыны Кыргызстанда 2009-жылдан тарта өткөрүлүп келүүдө. Анын максаты - жаштардын идея, демилге алмашууга, максаттарды ишке ашыруунун жолдору тууралуу ой бөлүшүүгө, пайдалуу маалыматтарды алып, ишкерлик жана башка багыттарда өнөктөш табууга мүмкүнчүлүк берүү болуп эсептелет. (SE)

XS
SM
MD
LG