Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Роухани Европа сапарын токтотту


Хасан Роухани
Хасан Роухани

Ирандын президенти Хасан Роухани Париждеги каргашалуу окуяга байланыштуу ушул дем алыш күнгө белгиленген Италия жана Францияга сапарын токтотту. Бул тууралуу аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Жавад Зариф маалымдап, сапар кайсы убакка жылганын ачык айткан жок. Буга чейин Роухани Франция менен автомобиль жана айыл чарба, авиация тармагында соода-сатыкты жандандырууну пландап жатканын айткан.

13-ноябрдын кечинде Париждин бир нече жериндеги кол салуудан каза тапкандардын саны 120дан ашты. Ондогон адам жараат алды. Францияда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Чек аралар жабылып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG