Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Хиллари Клинтон экстремизмге каршы күрөштө биригүүгө чакырды


Хиллари Клинтон
Хиллари Клинтон

Бул тууралуу Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Хиллари Клинтон АКШнын Айова шатындагы дебат учурунда билдирди. Ал “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен күрөштө дүйнө лидерлери күчүн бир жерге бириктириши керек болуп турганын айтты.

Талапкерлер Хиллари Клинтон, сенатор Берни Сандерс жана Мэриленд шатынын мурдагы губернатору Мартин О'Мэлли катышкан дебат Париждеги каргашалуу окуяда курман болгондорду эскерип, бир мүнөт унчукпай туруу менен башталды. Үчөө тең ИМдин аракетин катуу айыптап, аларга жооп кайтарууну колдошту. “Биз исламга каршы күрөшкөн жокпуз, биз зордук-зомбулук жана экстремизмге каршы турабыз”, - деди Клинтон.

Дебатта Берни Сандерс жана Мартин О'Мэлли Клинтонду башында Американын Ирактагы аскерий операцияларын колдогону үчүн сындашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG