Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

Эмилбек Тарыхчиев Мамкаттоонун билдирүүсүн төгүндөдү


Базар-Коргон райондук мамкаттоо бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Тарыхчиев аны убактылуу кызматтан алынды деген кабарды төгүндөп, иштеп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Ал кол астындагы кызматкерге курал колдонгону үчүн убактылуу иштен алынганын Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлаган.

Алдын ала маалыматка караганда, ал кол астында иштеген адам менен чырдашып, анын башына бир канча жолу травматикалык тапанча менен аткан. Окуя 13-ноябрда болгонун, жабырлануучу азыр ооруканада экенин анын жакындары кабарлашкан. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, Мамлекеттик каттоо кызматы иликтөө комиссиясын да түзгөн.

Эмилбек Тарыхчиев комиссия келип кеткенин, бирок иштен убактылуу алуу тууралуу сөз козголбогонун айтууда жана болгон окуяны кокустук деп сыпаттоодо. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG