Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Украина кырдаал курчуса артиллериясын майдан тилкесине кайтарат


Украин армиясынын өкүлдөрү бүгүн билдиргендей, эгер өлкөнүн чыгышындагы уруштар кайра күчөсө “артиллерияны жана минемотторду майдан тилкесине” кайтарууга мажбур болот.

Армия өкүлү Андрей Лысенко бул тууралуу бир нече аптага созулган салыштырмалуу тынчтыктан кийин өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилердин атышуулары кайра жанданганда айтты.

Украин тараптын маалыматына караганда, ок атышууну токтотуу боюнча сентябрдагы соңку макулдашууларга карабай ушул дем алыш күндөрү Донецк шаарындагы атышуулардан алты аскердин өмүрү кыйылды.

Мындан улам президент Петро Порошенко кечээ “аскерлердин өмүрү коркунучка кабылган учурда ок ачууга буйрук бергенин" эскертти.

Бул аралыкта Донецктеги жикчилер акыркы апта ичинде ок атышууну токтотуу шарттарын Киев дагы ондогон жолу бузганын айтууда.

2014-жылдын апрелинен берки атышуулардан Украинанын чыгышында 7900дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG