Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

“Чоң жыйырмалык” лидерлери террорчуларга биргелешип күрөшүүнү макулдашты


Париждеги террордук чабуулдан кийин Түркиянын Анталья шаарында 16-ноябрда болгон жыйында “чоң жыйырмалыктын” лидерлери чалгындоо маалыматтарын алмашуу, террорчулардын каржы булагын кесүү жана чек арада коопсуздукту күчөтүүнү убадалашты.

Германия канцлери Ангела Меркел террор маселесин аскердик күч менен гана чечүү мүмкүн эместигин белгиледи. АКШ президенти Барак Обама Париждеги террордук чабуулдар "Ислам мамлекетине" каршы күрөштөгү “өтө кейиштүү жана үрөй учурган катачылык” болду деп, бирок экстремисттик бирикмеге каршы күрөштө анын мамилеси жана ыкмасы өзгөрөрү тууралуу сөз кылган жок.

Орус президент Владимир Путин Ислам мамлекетинин мунай контрабандасынан киреше табуу мүмкүнчүлүгүн жабууга үндөсө, британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон Сириядагы согушту токтотуу боюнча Орусия менен Батыштын ортомунда айырмачылыктар кала бергенин, бирок мунаса табууга да мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG