Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:08

Бишкек жана Ош аэропортторунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Париждеги теракт жана орус учагынын террористтер тарабынан кыйроого кабылганына байланыштуу “Манас” жана Ош эл аралык аэропортторунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Манас” аэропортунун басма сөз катчысы Ахат Иманбакиев билдирди:

-Коопсуздукка байланыштуу көзөмөлдү күчөтүү үчүн адистерибиз атайын тренингден өттү. Жүргүнчүлөргө да жагдайды түшүндүрүп жатабыз. Айрыкча, чет элден Кыргызстанга келип жаткандарды тыкыр текшерүүнү күчөттүк.

Быйыл 31-октябрда Мисирде Орусия учагын террористтер жардырып 200дөн ашуун адам набыт кеткен. 13-ноябрда Парижде теракт уюштурулуп, жүздөн ашуун киши каза болду. Эки окуяга тең жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” тобу өзүнө алган. Андан бери бир катар мамлекеттердеги аэропорттордо көзөмөл күчөгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG