Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Назарбаев: Баарыбыз мураскерлерди даярдашыбыз керек


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев

Казакстанды 25 жылдан бери башкарып келаткан президент Нурсултан Назарбаев 18-ноябрда Астанада өткөн өкмөттүн кезектеги жыйынында “баарыбыз мураскерлерди даярдашыбыз керек” деп билдирди. Президент бир топ аткаминерлер 25 жылдан бери жаш адистердин жолун тороп, аларга орундарын бошотпой келе жатканын кошумчалады.

“Албетте муну эч ким каалабайт. Бирок жетиштүү. Кетиш керек. Бул баарыбызга тийиштүү”, – деди Назарбаев.

75 жаштагы Назарбаев 1989-жылдан бери Казакстанды башкарып келет. Ал ушул жылдын апрелинде өткөн мөөнөтсүз шайлоодо 97,7 пайыз добуш менен 5-жолу президенттикке шайланган. Казакстан төбөлсүздүккө жеткени өлкөдө өткөрүлгөн бир да шайлоо эл аралык уюмдар тарабынан эркин жана демократиялуу деп таанылган эмес.

XS
SM
MD
LG