Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Парламент өкмөткө коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштады


Жогорку Кеңеш депутаттары дүйнөдө соңку кездеги террордук окуялардын көбөйгөнүнө байланыштуу өкмөт тез арада мектептерде, ооруканаларда жана башка мекеме-ишканаларда коопсуздук чараларын күчөтүп, экстремисттердин иш-аракетин тизгиндөө жаатында бачым аракеттерди көрүүнү сунуштады. Маселени бүгүнкү жыйында депутат Дастан Жумабеков көтөрүп, Кыргызстанда социалдык мекемелерди, адамдар көп топтолчу имараттарды көзөмөлдөө начар экенин белгиледи.

Спикер Асылбек Жээнбеков экстремисттик кадамдарды жайгаруу боюнча каражат маселесин тез арада чечүү үчүн өкмөт менен иш алып барууга парламент даяр экенин айтты.

Орусия учагынын террористтер тарабынан жардырылышы жана Париждеги теракттарга байланыштуу көп өлкөлөрдө коопсуздук күчөтүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG