Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Малидеги мейманканада 170 адам барымтага алынды


Radisson Blu мейманканасы
Radisson Blu мейманканасы

Бүгүн Малинин борбор калаасы Бомакодогу Radisson Blu мейманканасына куралчан согушкерлер чабуул жасашты. Мейманкананын жетекчилиги имараттын ичиндеги 170тей адам барымтада экенин билдирди. Түрк бийликтери кабарлагандай, алардын арасында Turkish Airlines авиакомпаниясынын алты кызматкери бар. Күбөлөрдүн айтымында, согушкерлер “Алла улук” деп кыйкырып турушат. Учурда мейманкананы полиция толугу менен курчоого алды. Имараттын ичинен атышуунун үндөрү чыгып жатканы кабарланууда.

"Франс-Пресс" агенттиги жетинчи кабат толугу менен согушкерлердин колунда экенин жазды. Мейманкананы АКШ жараны иштетет жана ал жерге негизинен чет өлкөлүктөр токтойт.

Ушул жылдын август айында да Малидеги Севарэ шаарындагы мейманканага экстремисттер кол салышкан. Анда төрт аскер, БУУнун беш кызматкери жана төрт согушкер набыт болгон.

Малиде радикалдар 2012-жылы өлкөнүн басымдуу бөлүгүн басып алган соң Франция өз аскерлерин жиберип, аларды сүрүп чыккан эле. Малинин түндүгүндө ушул күнгө чейин радикалдык исламчыл топтор активдүү. Алар Малинин башка шаарларына байма-бай чабуулдарды жасап келишет.

XS
SM
MD
LG