Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Жалал-Абадда эки жолу жер титиреди


Бүгүн эртең менен Кыргызстандын аймагында эки жолу жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда саат 7ге жакын 5 балл болгон жер титирөө катталды. Очогу Чаткал тоолорунда болду.

Силкинүүнүн күчү Аксынын Кашка-Суу айылында 5 балл, Чаткал районунун Терек-Сай айылында 4 балл, Кербен шаарында 4, Жерге-Тал, Авлетим айылдарында 3,5 балл болуп сезилди.

Ал эми саат 8:35те ошол эле Чаткалда 4-4,5 балл болгон силкинүү катталды. Кашка-Сууда 4, Терек-Сайда 3,5, Кербенде 3 балл болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала алынган маалыматы боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок. Тактоо иштери жүрүүдө.

17-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, 10 үй жарактан чыккан, адам өмүрүнө залака тийген эмес.

Кечээ, 20-ноябрда да Кара-Сууда 5-6 балл болгон жер титирөө катталды.(RK)

XS
SM
MD
LG