Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Президент жер титирөөдөн жабыркагандарга жардамды тездетүүнү тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Министр Ошто жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 17-ноябрдагы күчү 7 баллга жеткен жаратылыш кырсыгынын кесепетинен ​Кара-Суу жана Алай райондорунда жалпысынан 452 үй, 18 социалдык объект катуу жабыркады. 10 үй такыр талкаланып калды. Министр 37 социалдык жай жана 590 үйгө капиталдык ремонт керек болуп жатканын билдирди.

Мамлекет башчы бир да жабыркаган жаран жардамсыз калбашы керектигин эскертип, биринчи кезекте социалдык объектилерди калыбына келтирип, гуманитардык жардамды тездетүүнү тапшырды. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG