Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Түркияда Париж чабуулдарына шектүү топ кармалды


Түрк полициясы Париждеги террордук чабуулдарды уюштурууга тиешеси бар деп шектелген 3 адамды колго түшүрдү. Алар өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган уюмдун согушкерлери болушу ыктымал экени айтылууда.

Алардын бири, Мароккодо туулган Белгия жараны Ахмет Дамани Анталиядагы кымбат баалуу мейманканадан кармалды. Калган экөө андан алыс эмес жерден колго түштү.

Түрк бийлиги ушул аптада Мароккодон келген 8 адамды Сириядагы террорчулар менен байланышы бар деген негизде өлкөдөн чыгарган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG