Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Ош: кырсыкка кабылган учактан бир жүргүнчү жеңил жаракат алды


22-ноябрь күнү саат 7:56да №768 рейси боюнча “Бишкек-Ош” каттамындагы учак Ош аэропортуна конуп жатып, жолдон чыгып кеткен. Мындан учактын бардык дөңгөлөктөрү талкаланып, сол канаты сынып, 150 метрге чейин ыргып кеткен.

Учактын бортунда 148 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон, бир жүргүнчү башынан жеңил жаракат алган.

Кырсык болгон жерде аэропорттун, шаардын куткаруу кызматы жана Ош ШИИБнин тергөөчүлөрү иштеп жатышат.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Айрым маалыматтар боюнча учактын 2-учкучу да жеңил жаракат алган.

“Авиатрафик” компаниясына байланыштуу “Боинг” учагы “Красноярск – Ош” багыты боюнча учуп келе жатып, аба ырайынын начардыгынан Ошко коно албай, Бишкектеги "Манас" аэропортуна конууга аргасыз болгон. Аба ырайы жакшырды деген маалыматтардан кийин, саат 7:00дө Бишкектен Ошко карай учкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG