Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Кыргызстандык үч спортчу ММА боюнча дүйнө чемпиону болду


"Жаш күч" командасынын дүйнө чемпиондору.
"Жаш күч" командасынын дүйнө чемпиондору.

Молдованын Кишинев шаарында аралаш таймаштын түрлөрү (ММА) боюнча өткөн дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык үч спортчу алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону болушту. Бул тууралуу “Жаш күч” спорттук клубунун башкы машыктыруучусу Айбек Мусаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, 22-ноябрда болгон мелдешке Кыргызстандан 4 спортчу катышкан. Чечүүчү беттеште 65 кг. салмакка чейинкилер арасында Бахтияр Тойчубаев азербайжандык Гюхар Салиевди утуп алган.

86 кг.салмакка чейинкилер арасында Тилек Машрапов финалда дагы бир азербайжандык Орхан Пашаевди мөөнөтүнөн мурда утулууга мажбур кылган.

96 кг.салмакка чейинкилер арасында Мыктыбек Мамасалиев алтын байге үчүн таймашта молдовалык дүйнө чемпиону Зубка Драгосаны жеңип алган. Дагы бир кыргызстандык Умарали Акматов Кипр өкүлүнө утулуп калган. (ECh)

XS
SM
MD
LG