Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Атамбаев: Кыргызстандыктардын футболго кызыгуусу артты


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Шейх Салман бин Ибрагим аль Халифти кабыл алган учурда белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчы федерация президентинин Азия континентинде футболду өнүктүрүүгө жана реформа жүргүзүүгө кошкон салымы, өлкөнүн Футбол федерациясынын демилгелерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал акыркы кезде кыргызстандыктардын футболго кызыгуусу кыйла арткандыгын, ал кызыгууга көбүнесе Кыргызстандын улуттук курама командасынын эл аралык мелдештерге катышуусу өбөлгө болуп жаткандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Шейх Салман акыркы жылдары Кыргызстан футболду өнүктүрүүдө сезилерлик жыйынтыктарга жана жакшы көрсөткүчтөргө жетише алгандыгын белгиледи. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) ноябрь айына карата жаңыланган кезектеги рейтингинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эсебиндеги 277 упай менен 22 тепкичке жогорулап 124-катардан орун алды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG