Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:39

Путин Иранга барды


Орусия -- Путин Иран президенти Роухани менен БРИКС саммитинде. Уфа, 9-июль, 2015.
Орусия -- Путин Иран президенти Роухани менен БРИКС саммитинде. Уфа, 9-июль, 2015.

Орусия президенти Владимир Путиндин бул сапарында Ирандын улук жетекчиси аятолла Али Хаменеи жана президент Хасан Роухани менен жолугушуп, тараптар сүйлөшүүлөрдө Сирия кризисине көңүл бурары күтүлүүдө.

Москва менен Тегеран Сирияда жарандык согуш башталгандан бери президент Башар Асаддын негизги жактоочулары болуп келатат.

Орусия 30-сентябрдан тарта Сирияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна жана башка согушкерлерге каршы аба соккуларын баштаган. Иран болсо Асаддын бийлигин колдоо үчүн аскер кеңешчилерин жиберген.

Путин Иран баш калаасына бүгүн газ экспорттоочу өлкөлөрдүн саммитине катышуу үчүн барды. Ага 12 өлкөнүн өкүлдөрү катышмакчы.

Бул президент Путиндин Иранга болгон экинчи расмий сапары. Биринчи жолу ал Тегеранга 2007-жылы Каспий боюндагы өлкө башчыларынын саммитине катышуу үчүн барган.

XS
SM
MD
LG