Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:24

АКШ соту терроризмге айыпталган жаранды 40 жылга кести


Абид Насир
Абид Насир

Нью-Йорк соту террордук аракеттери үчүн айыпталган пакистандык 29 жаштагы Абид Насирди 40 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Быйыл мартта федералдык сот аны "ал-Каида" менен байланышып, АКШда, Улуу Британияда жана Данияда террордук чабуулдарды жасоону мерчемдеген деп тапкан.

Насир алгач 2010-жылы Улуу Британияда кармалып, 2013-жылдын январында АКШга экстрадицияланган. Тергөөнүн маалыматына караганда, Абид Насир "ал-Каида" уюму менен байланышкан террордук топту жетектеген жана 2009-жылы Манчестердеги (Улуу Британия) соода борборуна миналанган машине менен чабуул уюштурууну пландаган.

XS
SM
MD
LG