Бул тууралуу 26-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Бирок ал наристе ким экени, кайсы жерде төрөлгөнү тууралуу өкмөт өзү маалымат бермекчи. 25-ноябрда кечки саат алтыдан баштап, бүгүнкү таңкы саат алтыга чейин Кыргызстанда 6 миллионунчу жарандын төрөлүшү күтүлдү. Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн штаб жана өкмөттүк комиссия 6 миллионунчу жарандын ким болуп чыгарын эсептеп жатышат. Кыргызстанда бир күндө 250дөй наристе жарык дүйнөгө келет.
Республиканын 5 миллионунчу жараны 2002-жылы 27-августта төрөлгөн. Ал Тынчтыкбек Курамаев болуп чыккан. 13 жаштагы Тынчтыкбекке Бишкек мэриясы жакында эле ноутбук тапшырды. (AiT)