Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Жалал-Абадда жаңгак фестивалы өтүүдө


Кыргызстандын жаңгагын чет мамлекеттерге жайылтуу жана токой аянттарын сактап калуу максатын көздөгөн фестивал жармаңке менен коштолуп, жаңгактан жана токой жемиштеринен даярдалган тамак-аштар көргөзмөгө коюлду. Быйыл экинчи ирет уюштурулуп жаткан иш-чара шаардын Барпы Алыкулов атындагы драма театрында өтүүдө.

Иш-чараны өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү “АгроЛид” ишканасы менен бирге эл аралык уюмдардын колдоосунда өткөрүүдө. Учурда токойдон жыйналган жаңгактар Кытай, Түркия жана Араб мамлекеттерине экспорттолууда.

Аймактагы 740 миң гектар токойдун 35 миң гектарын жаңгак дарагы ээлейт. (RsK)

XS
SM
MD
LG