Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Сибирде тик учак кыйрап, 15 киши мерт кетти


Вертолет Ми-8
Вертолет Ми-8

Орусиянын Красноярск крайында менчик тик учак кыйрап, 15 киши набыт болгону маалымдалды.

Кырсык Енисей дарыясынын үстүндө, Игарка шаарына 10 чакырым алыстыкта болду. Тик учактын бортунда 26 адам бара жаткан. 10 киши ар түрдүү жаракаты менен куткарылып, бир адам дайынсыз болууда.

Окуяны иликтөө иштери башталды.

“Турукхан” аттуу авиациялык фирманын тик учагы мунай бурголоочу станцияга инженерлерди жеткирмек.

XS
SM
MD
LG