Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Кара-Буура: төө буурчак кабыл алуу жайларында акча түгөндү


Талас
Талас

Кара-Буурада төө буурчак кабыл алып жаткан фирмалар фасоль алууну токтотушту. Буга байланыштуу кечээ район акимчилигинин алдына унааларына төө буурчак жүктөгөн дыйкандардын тобу нааразычылык акцияга чыгышты. Фирмалар дыйкандарга сатып алууга акча түгөнгөнүн, ансыз да бир эле фирма элге 18 млн. сом карыз экенин айтып, кезекке туруу кажетсиз экенин билдиришкен. Район акимчилиги бул маселе өкмөттө талкууланып жатканын, жообу эки-үч күндө билинерин билдирди. Мындан кийин дыйкандар тарап кетишти.

Бир жумадан бери Таластагы төө буурчак алган фирмаларда дыйкандардын унаалары кезекте турушат. Эгерде таза төө буурчак болсо 33 сомдон алынат, болбосо артка кайтарылат. Калгандары ортомчуларга 28-27 сомдон сатууга аргасыз. (SS)

XS
SM
MD
LG