Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:13

Дин таануучу Кадыр Маликовду сабап кетишти


Кадыр Маликов
Кадыр Маликов

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев бүгүн кечке жуук билдирди. Анын айтымында, Кадыр Маликовго медициналык жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлерге тапшырма берилди. Азыркы кезде анын абалы канааттандырарлык экени кабарланды.

Милициядагы өздүк булактардын, Кадыр Маликовдун атасына таянып "Азаттыкка" айтышынча, окуя кечки саат жетилер чамасында анын үйүнүн жанында болгон. Алдын ала маалыматтарда окуя машина менен жол талашып кеткенден улам чыккан жана Маликовдун бетине бычак сайылган. Ал Бишкектеги №4 ооруканага жеткирилген.

Саясат таануучу жана коомдук ишмер Кадыр Маликов “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборун жетектейт. (AiT)

XS
SM
MD
LG