Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Аделдин “Европа-2016” турнеси февралда башталат


Британиялык атактуу эстрада ырчысы Аделдин 2016-жылдагы Европа турнеси февралда башталып, 15 апта бою Британия, Ирландия, Европанын дагы башка өлкөлөрүн кыдырып концерт коймокчу. Концертинде акыркы чыккан “25” аттуу альбомундагы чыгармаларын ырдайт.

Турне 29-февралда Белфасттагы SSE аренасынан башталып, 13-июнда Белгияда аяктайт. Норвегия, Дания, Германия, Швейцария, Португалия, Испания, Италия, Нидерландия жана Францияга да барат.

Бир апта мурда чыккан Аделдин “25” аттуу альбому эстрада дүйнөсүндө жаңы рекорд коюп, 2.43 миллион даанасы сатылганы маалым болду деп кабарлайт "Рейтерс" агенттиги.

XS
SM
MD
LG