Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:31

Курман болгон учкучтун сөөгү орус дипломаттарына берилди


Өткөн жумада атып түшүрүлгөн орус учкучунун сөөгү Орусиянын расмий өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. Жекшемби күнү учкучтун сөөгү Түркиянын Хатай провинциясынан Анкарага алып келинди. Анкара аба майданында табытты Түркиядагы Орусия элчиси Андрей Карлов тосуп алды. Буга чейин түрк өкмөт башчысы Ахмет Давудоглу сөөктү түрк тарап алганын, ал орус дипломаттарына өткөрүп бериле турганын билдирген эле.

Орусиянын Су-24 учагы 24-ноябрда Түркия менен Сириянын чектешкен аймагында атып түшүрүлгөн. Анын бир учкучу куткарылып, бирөөсү парашют менен түшүп келатканда атып өлтүрүлгөн. Учактын атып түшүрүлүшү Орусия менен Түркиянын мамилесин кескин начарлатып, 28-ноябрда орус президенти Түркияга санкцияларды киргизүү боюнча жардыкка кол койду. Ага ылайык соода, туризм, транспорт, түрк ишканаларынын иштерине чектөө киргизилет. Түркия менен визасыз каттам алынып салынат. (AiT)

XS
SM
MD
LG