Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Ички иштер органдарында иштеген улуттук азчылыктын өкүлдөрү азайды


Соңку үч жылда ички иштер органдарында иштеген улуттук азчылыктын өкүлдөрү азайды. Бул тууралуу БУУнун Тынчтык орнотуу фондунун изилдөөсүндө белгиленген. Ага ылайык, үч жыл мурда ички иштер органдарында иштеген башка улут өкүлдөрү 6,3 пайызды түзсө, азыр 4,5 пайызды түзөт. Милиция академиясына окууга тапшыргандар да азайган.

Бүгүн Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасында улуттук азчылыктарды өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна тартуу, алардын мамлекеттик кызматтарда, тартип коргоо жана шайлоо органдарында болушу талкууланууда. Ага кыргыз бийлигинин өкүлдөрү, Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын орун басары Флавия Пансиери айым жана башка расмий адамдар катышууда. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG