ТҮРКСОЙ эл аралык уюму улуу философ жана акын Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгынын урматына 2016-жылды уюмга кирген мамлекеттерде Жусуп Баласагын жылы деп жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган уюмдагы өкүлү Кожогелди Култегин билдирди. Анын айтымында, бул демилгени 29-28-ноябрда Түркмөнстандын Мары шаарында өткөн ТҮРКСОЙ министрлеринин туруктуу кеңешинин жыйынында Кыргызстандын атынан Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов сунуштаган
2014-жылды ТҮРКСОЙ Токтогул Сатылганов жылы деп жарыялап, акындын 150 жылдык мааракеси уюмга мүчө болгон 14 өлкөдө белгиленген. (ZA/KE)