Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Калифорниядагы атышууда кеминде 14 киши өлдү


Атышуу болгон жерге келген коопсуздук күчтөрү. 2-декабрь, 2015-жыл
Атышуу болгон жерге келген коопсуздук күчтөрү. 2-декабрь, 2015-жыл

2-декабрда Түштүк Калифорнияда социалдык жардам көрсөтүү борборундагы ок атууда 14 киши өлүп, 17си жарадар болду. Лос-Анжелес шаарынын чыгыш жагында орун алган Сан-Бернардино шаарындагы социалдык борборго куралдуу үч киши кирип келип, элди аткылаган. Андан кийин кара түстөгү унаа менен ал жерден кетип калышкан. Полиция кылмышкерлердин артынан түшүп, бирин атып өлтүргөнү кабарланды. Полиция элди аткылоого эмне себеп болгону тууралуу маалыматы жок экенин билдирүүдө. Элди аткандар ок өтпөс соот кийимчен болушкан жана автомат менен куралданган. (AiT)

XS
SM
MD
LG