Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:38

Төрөбековдун дипломуна байланыштуу иш сотко өттү


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурлан Төрөбеков
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурлан Төрөбеков

Өткөн чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбековдун дипломуна байланыштуу иш тергелип бүтүп, Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Төрөбеков үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчи деген чин алуу үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөнү тууралуу дипломун тапшырып, кийин ал жасалма экендиги аныкталган. Тергөөдө анын 2003-жылдын декабрында 5-курстта окуудан чыгарылып, ошол бойдон калыбына келтирилбегени белгилүү болгон.

Бул факт боюнча 350-берененин негизинде (жасалма документ пайдалануу, жасоо) кылмыш иши козголуп, бирок аны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокуратуранын сунушун 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш колдогон эмес. Башкы көзөмөл орган Нурлан Төрөбеков депутаттык кызматы аяктагандан кийин ал ишти кайра жанданткан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG