Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

Кыргызстан ФИФАнын тарыхындагы эң мыкты көрсөткүчүн багындырды


ФИФАнын жаңы рейтинги

ФИФАнын жаңы рейтинги

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде мурдагы жетишкендигин жаңылады. 3-декабрда ФИФАнын сайтында жарыяланган улуттук курама командалардын рейтингинде Кыргызстан 277 упай менен 16 тепкич жогорулап, 108-орунду ээледи. Ноябрь айында да 22 тепкичке жогорулап, 124-катардан орун алган болчу.

Буга чейинки тарыхый мыкты көрсөткүч 2006-жылдын август айында болуп, 119-орунду ээлеген.

Кыргыз футбол курамасы Азиядагы 46 мамлекеттин ичинен өткөн айда 16 тепкичке жогорулаган эң мыкты команда деп аталды.

2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында негизги атаандаштар болгон Австралия 57, Иордания 87, Тажикстан 148 жана Бангладеш 182-катардан орун алышты. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 74, Түркмөнстан 119, Казакстан 129-тизмеде.

Айдын мыкты командасы деп, 32 тепкич жогорулоо менен 81-катарга жайгашкан Ливия курамасы аталды. Либерия курамасы эң начар көргөзгүчкө ээ болуп, 21 тепкич төмөндөп тизмеде 107-орунда калды. Рейтингдин көч башында Бельгия курамасы жайгашкан. Экинчи орунду Аргентина, үчүнчү орунду Испания ээлеп турат. ФИФА рейтингинде 209 мамлекеттин улуттук курама командалары бар. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG